• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекке жаны троллейбустар алып келинди. Азырынча каттамга чыгарылбайт

9 Баш оона 2018 15:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.08.2018. Govori.TV

Бишкек шаарына жаны троллейбустар алып келинди. Троллейбустар Европа реконструкция жана өнгүгүү банкы тарабынан, коомдук транцпортту өнүктүрүү долбоору боюнча алынган. Бул туурасында мэриянын басма-сөз кызматынан кабарлашты.
Алардын билдирген маалыматында жалпы 37 жаны троллейбус алынган. 15 жапыз полдуу Беларус өндүрүшүнөн, ал эми 22 орто полдуу троллейбус Россиядан алынган. Учурда жолдорду ондоо-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, азырынча троллейбустар жүргүзүлбөйт.
Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий – “жалпысынан 52 троллейбус сатып алынган. Калгандары бир ай ичинде борборубузда болот”-деп айтты. Жаны автобустар качан алып келинет?-деген суроого “азырынча аны алып келүүгө тендер жарыялана элек”-деп жооп кайтарды. Чечимди мэр кабыл алуучу керек. Өкмөт тарабынан каражат кошулуу керек эле. Бирок, бул маселе азыркыга чейин чечиле элек. Эгерде бул миаселе чечилбесе, шаар бюджетинен бөлүнгөн каражатка тендер жарыялана берээрин кошумчалады.
Эскерте кетсек 2018-жылга автобустарды алып келүү үчүн шаар , казынасына 380 миллион сомдон ашуун акча бөлүнгөн. 2017-жылы болсо 103 миллион сом каражат сарптаган. Троллейбустар Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы аркылуу насыяга алынат.
Количество просмотров: 39