«Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, аталган ишкананын директору болуп Болотбек Одракаев дайындалды.
Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.