• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте 1-июндан тарта ишке кирген ишканалардын тизмеси

1 Кулжа 2020 16:58 Бишкек Govori.TV

1-июндан тарта кайсы ишкерчилик субъекттердин иши жанданганын жана 5-8-июндан тарта кайсы тармактар иштеп баштай турганын бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов маалымат берди.

Анын айтымында 1-июндан тарта төмөнкү экономиканын субъекттери ишин жандандырууда.

  1. Керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;
  2. Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;
  3. Аудит жана консалтингдик компаниялар;
  4. Жарнама агенттиктери;
  5. Туристтик жана рекреациялык объекттер (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б.), жеке унаалар менен саякаттоо шарты менен.

5-июндан тарта:

  1. Бала бакчалар;
  2. Билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү (тил курстары жана билим берүү кызматтарынын башка түрлөрү) санитардык-гигиеналык ченемдерди жана окуучулар арасында аралыкты сактоо шарты менен).

8-июндан тарта:

  1. Ички аба каттамы («Бишкек-Ош» каттамы).

Төмөнкү багыттар боюнча чектөөлөр калтырылат:

  • маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларын өткөрүү;
  • көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, караоке, кальян ж.б.);
  • интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;
  • кинотеатрлардын ишмердүүлүгү;
  • соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан тамактануу жайларынын (фуд-корттор) ишмердүүлүгү;
  • балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү (анын ичинде соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан);
  • автобус, кичи автобус менен шаарлар жана аймактар ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуу.
Количество просмотров: 147