• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте 1-июндан тарта ысык суу берилет

29 Бугу 202512:15 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 1-июндан тарта ысык суу берилет. Ага чейин «Бишкек жылуулук энерго» муниципалдык ишканасы ысык суу берүү алдында жылуулук түтүктөрүн текшерүүдөн өткөрөт.

Ага ылайык, 29-30-майда Бишкек шаарындагы Жал кичи району, Газ жана Совмин шаарчалары, Кудайберген базары (Аскер шаарчасы), Темир жол ооруканасы жана №4 шаардык ооруканасынын аймактарында жылуулук тармактарын тыгыздыкка текшерүү иштери жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 241