• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте 13 миңден ашуун жаран иштөөгө мүмүнчүлүгү жок

26 Тогуздун айы 2018 11:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.10.2018.Govori.TV.

Бишкек шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында 44 800 жаран каттоодо турат.  Алардын 11 миң 700ү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ал эми 13 миңден ашууну иштөөгө  мүмүнчүлүгү жок жарандар болсо калганы пенсия курагындагы карыялар. Аларга социалдык колдоо көрсөтүү үчүн республикалык бюджеттен жылына 528 млн сом, шаардык бюджеттен 355 млн сомдой каражат бөлүнөт.

Ошондой эле «Калктын аярлуу катмарынын саны азайгандыктан аларга 2019 -жылга жергиликтүү бюджеттен  354 млн сом бөлүү каралууда. Аз камсыз болгон адамдарды көмүр менен камсыз кылуу тартиби акчалай компенсацияга өткөрүлгөн. Ага ылайык быйыл 4 миң 400дөн ашуун жаран 4 миң 280 сом өлчөмүндө акчалай компенсация алган. Мындай маалыматтарды бүгүн Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбеков Govori.TV. сайтына билдирди.

Количество просмотров: 38