Бишкекте 13 жаштагы кыз дайынсыз болуп изделүүдө.
Маалым болгондой, 13 жаштагы Мырзайым Каниметова үйүнөн 14-ноябрда саат 14:00 чамасында чыгып кеткен. Акыркы жолу саат 19:00дө байланышып, үй жакта жүргөнүн (Карл Маркс-Ахунбаев көчөлөрү тарапта), бир аздан кийин үйгө келе турганын айткан. Ошондон бери телефону өчүк болуп жатат.
Белгилери:
Тизеге жеткен кара пальто, башына кара баш кийим, кара шым, кышкы кара бут кийим кийим кийип жүргөн. Чачы кара жана кыска.
Мырзайым Каниметованы көргөн-билгендер болсо, 0707 059 228, 0501 999 676 номерлерине кайрылса болот.