Чоң Чүй каналынан 23 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 10- июнь күнү, Бишкек шаарынын Свердлов районунда Ж.Абдрахманов көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишинде суу жээгинен 2001-жылы туулган М.М. аттуу кыздын жеке буюмдары табылгандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Ошол эле күнү ыкчам түрдө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, суучул тартылып, кечки саат 19:00гө чейин издөө иши жүргөн. Тилекке каршы жыйынтык болгон эмес.
Бүгүн, 11-июнь күнү аталган жаранды издөөгө 5 куткаруучу чыкты. Кошумча маалымат берилет.