• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүй каналынын жээгинен кийими табылган бала изделүүдө

28 Бугу 202412:37 Бишкек Govori.TV

Чоң Чүй каналынын Исанов көчөсү менен кесилишкен жээгинен 9-10 жаштагы балага ылайык болгон кийим жана бут кийимдер табылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милиция каналдын жээгин карап чыгып, андан башка эч бир белги тапкан эмес. Учурда баланы издөө иштери жүрүп жатат.

«Суу боюнан кара түстөгү шым, ак футболка, рюкзак жана 32-ченемдеги бут кийим табылган»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 161