Бишкекте Айша Каныбекова дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-ноябрда милицияга жаран кайрылып, 2010-жылы туулган небереси 5-ноябрда болжол менен саат 18:00дө үйдөн чыккан бойдон кайрылып барбаганын билдирген.
Белгилери: бою 150 см, арык, узун кара чач.
Кийген кийими: ак жилет, кара спорттук костюм.
Кабары бар жарандар, 0(312) 35 29 47, 0(312) 35 26 05, 0703 401 600, 0700 860 909, 0777 869 797 номурларына байланышса болот.