Бишкек шаарында 14 жаштагы кыз кабат үйдөн кулап көз жумду. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 16-июлдан 17-июлга караган түнү, саат 2:44 чамасында болгон.
«Кыз Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 13 кабатынан кулаган. Ал «Тез жардам» кызматы келгенче үзүлүп кеткен», —деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.