Бишкек шаарында кызын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
6-июлда болжол менен саат 09:02лер чамасында Бишкек шаардык ИИББдин 102 кызматына калаадагы кичи райондордун биринен жаш кыздын каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарек боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери менен Октябрь районунун ИИБ кызматкерлери барган.
Маркум — 2005-жылы тулган А.А. экени аныкталды. Ал алган жаракатынан улам көз жумган, тактап айтканда кыз катуу сабалган.
Ыкчам-издөө иш чараларынын негизинде шектүү катары маркум кыздын атасы — 1971-жылы туулган Б.С. кармалып, Октябрь РИИБге жеткирилди.
Бул факт Жазык кодексиндеги 130-берене (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.