• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте 2 жаштагы бөбөк 8-кабаттан кулап кетти

24 Чын куран 202010:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 2 жаштагы кыз кулап түшүп, каза болду. Бул тууралуу «Баракелде» сайты жазды.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-апрелде кечки саат 18:30 чамасында милиция бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобу окуя болгон жерге барган. Анда укук коргоо органдарынын кызматкерлери белгисиз жагдайларда 2018-жылы туулган Ж.А. аттуу кыз турак үйдүн 8-кабатынын балконунан кулап түшкөндүгүн аныкташкан. Тез жардам кызматы келип, наристенин ошол жерде каза болгонун тастыкташкан.

«Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1382