• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте 22 жаштагы кыз унаа сүзүп кетип каза болду

17 Жалган куран 202514:17 Бишкек Govori.TV

Бишкекте өлүмгө алып келген жол кырсык катталды. Бул тууралуу ЖКККББ маалымат кызматы билдирди.

«22 жаштагы кыз Түштүк магистралда жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнөн өтүп бара жаткан. Ошол учурда Садырбаев көчөсүнөн Тыналиев көчөсүн көздөй үч унаа келе жаткан: эки унаанын айдоочусу кызды көрүп токтогон, ал эми «Мерседестин» айдоочусу кыймылын улантып, жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Кыз ошол жерде жан берди», — деп жазылат маалыматта.

Унаа айып короого токтотулуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 484