• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте 3-кабаттан 53 жаштагы аял кулап түштү

7 Аяк оона 201816:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.09.2018. Govori.TV.
Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районунда 3-кабаттан аял киши кулап түштү. Бишкек ШИИБдин маалыматы боюнча, окуя кечээ, 6-сентябрда болгон. Бул туурасында turmush сайты жазып чыкты.
Маалыматта, кулаган аял 53 жашта экени жана психоневрологиялык диспансерде каттоодо турганы белгилүү болду. Анын баш мээси, жамбаш сөөгү жабыркап, учурда ооруканада жатат.
Учурда тиешелүү органдардын өкүлдөрү окуянын чоо-жайын аныктоо иштерин улантууда.
Количество просмотров: 46