• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Бишкекте «Ат-Башы ынтымагы» аталышындагы аялдар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

27 Тогуздун айы 201913:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында аялдар арасында «Энелер дени сак келечек үчүн» деген ураан менен «Ат-Башы ынтымагы» аталышындагы волейбол боюнча мелдеш өттү.

Маалым болгондой, волейбол боюнча мелдешке Ат-Башы районунун аялдарынан куралган 5 команда катышты. Оюндун жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн спорттогу мыкты даярдыктарын көрсөтүп, кызыктуу оюн тартуулашты.

Жеңүүчүлөргө белектер ыйгарылып, эң мыкты оюн көрсөткөн командага Govori.TV мултьтимедиялык агенттиги кубок тапшырды.

Количество просмотров: 240