• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте №54 мектептин директору сөгүш алды

17 Баш оона 202012:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы №54 мектептин директоруна сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №54 мектептин фондуна акча чогултуу фактысы боюнча ата-энелер массалык маалымат каражаттарына кайрылган.

«Мэриянын билим берүү башкармалыгынын адистери териштирүүнү баштаган. «Директордун тамак-ашына жана башка чыгымдарга» деп каражат чогултууну айткан мугалим жумуштан алынды, мектеп директоруна сөгүш жарыяланды», — деп билдирет мэрия.

Мэрия №54 мектептин директорун кызматтан алуу маселеси караларын билдирди.

Количество просмотров: 365