Бишкек.20.02.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарындагы Туңгуч кичи районунда жайгашкан №60/1 үйдүн 6-кабатынын терезесинен секирген кыз ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал 18 жашка толо элек.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 20-февралда саат 14:00 чамасында Октябрь РИИБге жаш кыз өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.
«Айтылган дарекке тез арада Октябрь РИИБдин кызматкерлери жеткенде белгисиз кыз 6 кабаттуу үйдөгү батирдин терезесинен секиргени жаткан. Ал эми батирдин эшиги жабык болгон. Ал кыз төмөн жактагы адамдын суранычтарына жана кайрылууларга көңүл
бурган эмес.
Милиция кызматкерлери ыкчам чараларды көрүп, килемди терезенин алдына жайып кармашкан. Ал эми ӨКМдин кызматкерлери эшикти ачышып, кыз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнү менен кыз терезеден секирип кеткен. Ылдый жакта турган милиция кызматкери кызды куткарып калууга үлгүрүштү. 6-кабаттан секирген кыз ушул жылдын май айында 18 жашка толот», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.