• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Бишкекте 6 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

16 Бирдин айы 202415:51 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Толстой жана Кара-Жыгач көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн массалык жол кырсыгы болду.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жолдун аталган тилкесинде эки кырсык катталган: биринчи жол кырсыгы 4 автоунаанын, экинчиси жүк ташуучу кичи «Портер» жана жеңил автоунаа катышуусунда болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес, болгону материалдык чыгым келтирилген.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жолдо сак болууга жана эрежелерди так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 1087