• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекте 7-кабаттан кулап кеткен жаран каза болду

15 Чын куран 2022 14:04 Бишкек Govori.TV

Ч. Айтматов проспектисиндеги үйдүн 7-кабатынан эркек киши кулап кетти. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14 апрелде «102» кызматына маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери зордук-зомбулуктун белгилери жок көз жумган адамдын жансыз денесин табышкан.

Бул факты Октябрь РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

«Маркумдун өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 399