• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте 7 тургун диний-экстремисттик идеологиядан баш тартты

13 Аяк оона 202416:45 Бишкек Govori.TV

Диний-экстремисттик агымдарга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК диний-экстремисттик агымдардын идеологиясын жайылтууга каршы аракеттенүүнүн алкагында Бишкек шаарынын аймагында иш алып барган “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын 7 активдүү мүчөсүнө түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларын жүргүздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө аталган жактар «Йакын Инкар» ДЭУнун идеологиясынын зыяндуулугун жана туура эместигин толук моюнга алып, өз ыктыяры менен аталган диний-экстремисттик агымга мүчөлүктөн, идеологиясынан баш тартышты.

Мындан тышкары, кайталанбоосу үчүн аларга КР УКМКнын атынан расмий эскертүү берилди.

УКМК эскертет: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында диний-экстремисттик уюмдардын жана агымдардын идеологиясын жайылткандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Количество просмотров: 84