• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте 73 эмдөө пункту иштеп жатат

3 Аяк оона 202110:41 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 73 эмдөө пункту күнү-түнү иштеп жатат. Бул тууралуу Студенттик поликлиниканын башкы дарыгери Миңбай Жороев бүгүн, 3-сентябрда өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, эмдөө пункттарынын ичинде үй-бүлөлүк медицина борборлору, соода борборлору, билим берүү уюмдары жана башкалар бар.

“Борбор калаада вакцинанын биринчи дозасын алгандардын саны 80 миңден ашык болсо, экинчи дозаны алгандар 65 миңге жетти»,-деди ал.

Эмдөө пункттары тууралуу сурап – билүү үчүн (0312) 32-31-27, 32-30-11 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

Количество просмотров: 141