• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте 9-кабаттан кулаган окуучу каза болду

19 Бугу 2022 14:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 9-кабаттан кулаган окуучу каза болду. Маалыматты Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 18-май күнү эртең менен Каралаев көчөсүндө болгон. 9-кабаттын терезесинен кулаган өспүрүм көп узабай көз жумган. Ал 2008-жылы туулган Н.И. экени такталган.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын чоо-жайын тактоо иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 118