• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте 9-майда «Өлбөс полк» жүрүшү өтөт

4 Бугу 2023 13:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгы белгиленет.Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Жеңиш аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт.

Саат 10:00дө Түштүк дарбазадан «Өлбөс полк-Кыргызстан» акциясы башталат. Марштын катышуучулары Түштүк дарбаза – Абдрахманов-Фрунзе көчөлөрү — Жеңиш аянты багыты менен жүрүшөт.

Акцияны «Өлбөс полк-Кыргызстан» кыймылы, Коргоо министрлиги  жана Бишкек шаарынын мэриясы уюштурат. Мэрия шаар тургундарын ардагер жакындарынын сүрөттөрү менен жүрүшкө чыгууга чакырат.

Борбордун райондорунда да иш-чаралар өтөт. 8-майда саат 10:00дө Жаш Гвардия бульварында жайгашкан Баатырлар аллеясында курман болгон жоокерлердин эстелигине митинг-реквием болуп, гүлчамбарлар коюлат. 9-майда Ленин районунун башчысы ардагерлерди  зыярат кылат.

9-майда саат 18:00дө «Ынтымак-2» сейил багында «Жеңиш ырлары» аттуу концерт өтөт.

1-майдан 5-майга чейин №29 МГ спорт комплексинин базасында Жеңиш күнүн майрамдоого арналган «Жеңиш кубогу» жылдык спорттук турнири өткөрүлүүдө. Турнирге Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин  балдары, Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын курама командалары катышууда.

8-майда саат 10:00дө Боордош көрүстөндө жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт.

9-майда саат 12:00дө Кыргызстан элинин ассамблеясынын алдындагы аянтчада «Гармония» АК борбору майрамдык концерт өткөрөт.

4-майда саат 13:00дө «Красный строитель» конушунун «Аул паркында» Улуу Ата Мекендик согуштун эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.

Количество просмотров: 55