• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров: «Өлбөс полк» жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок

1 Бугу 2022 15:26 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата «Өлбөс полк» жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жоктугун билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүнкү 1-Май — Эмгек майрамы менен куттуктаймын. Өлкөбүздө тынчтык болуп, Кудай элибиздин көкүрөгүнө ыйман толтуруп, ырыскысын мол берсин.

«Тарыхын билбеген элдин келечеги жок» деген накыл сөз бар. Анынсыңарындай, биз тарыхыбызды унутпашыбыз керек.

Улуу Ата Мекендик согушка СССРдин курамына кирген 15 өлкө тең катышкан. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Ал согушка биздин 365 миңден ашуун ата-бабаларыбыз аттанган. Анын болжол менен 100 миңден ашыгы кайра кайткан эмес.

Азыр алардын миллиондогон небере-чөбөрөлөрү бар. Алар жылда 9-Май — Жеңиш күнүн майрамдашат. «Өлбөс полк» аттуу жөө жүрүшкө да чыгып келе жатышат. Ошондуктан алардын мындай жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок. Ал эми мен болсо, жылдагыдай эле Өчпөс отко гүл коюп, согуш ардагерлери менен жолугуп, баатыр бабаларыбызды эскерүү иш-чарасына катышам», — деп жазган президент.

Количество просмотров: 403