• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Камалгандарды бошотуу талабы айтылды. Интернет эмнеге үзгүлтүккө учурады?

24 Тогуздун айы 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

БИШКЕКТЕ ЖҮРҮШ ӨТТҮ

Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте саясатчы, активисттердин массалык кармалышына каршы жөө жүрүш уюштурулду.

Катышуучулар темир жол вокзалынын жанына чогулуп, Борбордук аянтка чейин «Куугунтук токтосун!», «Кемпир-Абад биздики!» деген ураандарды айтышты.

ПРЕЗИДЕНТТИ КОЛДОО МИТИНГИ ӨТТҮ

Ош облусунун Өзгөн районунда жергиликтүү тургундар президент Садыр Жапаровду колдоп митингге чыгышты. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, акцияга болжол менен 150дөй адам чогулду. Акциянын катышуучулары жалпы кыргызстандыктарды бийликти колдоого жана биримдикке чакырышты. Белгилей кетсек, буга чейин Баткен жана Жалал-Абадда да эл президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди колдоп митингге чыгышкан. Алар өлкөдө башаламандыктарды болтурбоого, анын алдын алууга жана чек ара маселелерин чечүүгө кедерги тийгизбөөгө үндөшкөн.

ИСАЕВ КАМАЛДЫ

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы мурдагы депутат Канат Исаевдин кармалышы тууралуу маалымат таратты. Аталган соттун 2022-жылдын 23-октябрындагы токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн айыпталуучу Канат Исаевге карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган. 2018-жылдын 1-октябрындагы айыпталуучу Исаевге карата тандалган эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасына өзгөртүлдү жана ал Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө изоляторуна 2022-жылдын 23-ноябрына чейин камакка алынды. Эске салсак, 2017-жылдын сентябрь айында президенттик шайлоонун алдында Канат Исаевге бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айып тагылган. 2019-жылдын апрель айында сотко чейинки өндүрүш токтотулган.

ИНТЕРНЕТ ИШТЕБЕЙ КАЛДЫ

Санариптик өнүктүрүү министрлиги интернеттин жарым-жартылай үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүрдү. Маалыматка ылайык, магистралдык линиялардын биринде авария болуп, интернет үзгүлтүккө учуроодо.

“Учурда интернет байланышын калыбына келтирүү боюнча жумуштар аткарылууда. Жакын арада интернет толук калыбына келет”, — деп айтылат маалыматта.

“Акнет” интернет-провайдери техникалык көйгөйлөрдөн улам интернеттин ылдамдыгынын төмөндөшүнө же жеткиликсиздигине алып келиши мүмкүн экенин билдирди. Учурда бардык зарыл болгон иштер жүргүзүлүүдө.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 17-октябрдан 23-октябрга чейин COVID-19дун жаңы 65 учуру катталган. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди. Алардын ичинен 14 адам ооруканага жаткырылган, калган 51и амбулатордук дарыланууда. Тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Жыл башынан бери республика боюнча COVID-19дун 21 651 учуру катталган, анын ичинде 90,7 пайызы лабораториялык түрдө жана 9,3% клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

Количество просмотров: 305