• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

ИИМ “Өлбөс полк” жүрүшү эмне үчүн өтпөй тургандыгын түшүндүрдү

8 Бугу 2024 12:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 9-Май — Улуу Жеңиш күнүндө “Өлбөс полк” жүрүшү өтпөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынды.

«Мен жарандардан бул чечимди кайгылуу кесепеттерге алып келе турган ар кандай чагымчыл аракеттерди болтурбоого багытталган коопсуздук чарасы катары кабыл алууну суранам. Ал эми жер-жерлерде Жеңиш күнүнө арналган бардык башка иш-чаралар адаттагыдай эле өтөт. Коомдук коопсуздук жана тартип тиешелүү деңгээлде камсыздалат. 1-майдан 10-майга чейин тартип сакчылары күчөтүлгөн тартипте иш алып барат», — деди ал.

Нурлан Исмаилов “Өлбөс полктун” катышуучулары жана жарандар бул чечимди түшүнүү менен кабыл алат деген ишенимин билдирди.

Количество просмотров: 74