Бишкек шаарында эркек киши жашы жете элек кызын зордуктап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Биринчи май райондук прокуратурасы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы 7-февралда милицияга социалдык кызматкер кайрылып, 9 жаштагы кызды 49 жаштагы атасы зордуктап жүргөнүн айткан. 9 жаштагы кыз атасы менен чогуу жашачу. Апасы 2 айлык кезинде кетип калган. Ошондон бери кызынан кабар алган эмес.
Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин (эски редакция) 161-беренеси (зордуктоо) менен катталган.
«Тергөө учурунда 9 жаштагы кыз атасы зордуктап жүргөнүн тастыктады. Андан тышкары соттук-медициналык экспертиза да кичинекей кыз зордукталганын тастыктады. Кыздын атасы 12-мартта камакка алынган. Ага Жазык кодексинин (эски редакция) 165-беренеси (Ыплас аракеттер) менен айып тагылган жана иш сотко өткөн. Ошондой эле Биринчи май райондук прокуратурасы 12-июнда соттон камакка алынган атаны ата-энелик укуктан ажыратууну суранган. 8-сентябрда сот бул өтүнүчтү канааттандырган»,-деп айтылат маалыматта.
Андан тышкары райондук прокуратура 18-июнда сотко дагы бир өтүнүч менен кайрылган. Сот ал өтүнүчтү дагы канааттандырып, 9 жаштагы кыз толугу менен мамлекет тарабынан камсыздандырылмак болуп, интернатка берилген.