Бишкек. 25.03.2019. Govori.TV.
Бишкек шаарынын Свердлов районунун Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-март күнү болжол менен саат 08:30да «102» кызматына адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке — Тоголок Молдо менен Ташкент көчөлөрүнүн кесилишиндеги эски автобазасынын аймагынан киши колдуу болгон 30-35 жаштагы адамдын денеси табылган.
Бул факт Кылмыш жана жосундардын бирдиктүү реестринде 130-берененин 1-бөлүгү («Адам өлтүрүү») боюнча каттоого алынган. Тийиштүү экспертиза дайындалды.
Ошол эле күнү, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын аркасы менен кылмышка шектелип 2000-жылы жана 2001-жылы туулган эки жигит кармалган. Алар убактылуу кармоо жайына киргизилген.

