• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте адам уурдоого шектелгендер кармалды

4 Бугу 2021 10:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында киши уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-май күнү болжол менен саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Бишкек шаарынын Көлбаев көчөсүнөн жаш баланы уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери барган. Анда ошол эле даректен 2004-жылы туулган У.Ж. аттуу жаранда белгисиз болжол менен жашы 20-25 курактагы балдар күч колдонуп, белгисиз авто унаага салып кетишкендиги аныкталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган С.И., 1997-жылы туулган У.К. жана 1992-жылу туулган А.Н. аттуу жарандарды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты Свердлов райондук ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 170-берененин (Киши уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 1426