• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте адашып кеткен 1-класстын окуучусу аман-эсен табылды

5 Аяк оона 202011:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында адашып кеткен 1-класстын окуучусу аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрда болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө 6-кичи райондо окуучу кыз адашып жүрөт деген маалымат түшкөн.

Аталган даректе белгисиз жаран кичинекей кызды карап, милиция кызматкерлерин күтүп турган.

1-класстын окуучусу мектептен чыгып, үйүн таппай издеп жүргөн. Милиция кызматкерлери окуучу кызды мектепке алып барып, мугалимине жана кыздын апасына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 171