• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте айдоочу депутат Момбековдун үстүнөн арыз жазды

4 Аяк оона 202113:58 Бишкек Govori.TV

Бишкекте айдоочу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун үстүнөн арыз жазды. Маалыматты райондук милициядан тастыкташты.

Милицияга окуя тууралуу маалымат кечки саат 17:00 чамасында келип түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барышкан жана «БМВ» унаасынын айдоочусу — 1994-жылы туулган С.И.ни милиция бөлүмүнө алып барышкан. Ал жерде С.И. сабалганын айтып, Рыскелди Момбеков жана анын жан сакчысынын үстүнөн арыз жазган.

Аталган факт Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) менен КЖБРга катталды.

«С.И.ге соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Количество просмотров: 540