Бишкек шаарынын Свердлов районунда айдоочу электр мамысын сүзүп, каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Такталган маалымат боюнча, Шабдан Баатыр проспектисинде Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып электр карагайын сүзгөн.
«Кырсыктын кесепетинен айдоочу 2002-ж.т. каза болгон, 2001-ж.т. бала жабыркаган. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызмакерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаран тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган», — деп айтылат маалыматта.