• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бишкекте айдоочу унаасы менен тосмону сүзгөн

20 Бугу 202614:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-майда болжол менен саат 6:00дө Бакаев көчөсүнүн темир жолдун үстүнөн өткөн бөлүгүндө жеңил унаа катышкан жол-транспорт кырсыгы катталды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу С.К. Бакаев көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө бара жатып, автоунааны башкара албай жолдон чыгып кеткен жана өтмөктү сүзгөн.

Бишкек мэриясы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен мамлекеттик мүлккө жана жол инфраструктурасына материалдык зыян келтирилди. Унаа айып короосуна токтотулду. Жол кырсыгы Бишкек шаардык ИИББ боюнча кайгуул күзөт кызматы башкармалыгында каттоого алынды.

Бузулган бөлүгүн калыбына келтирүү иштери белгиленген мыйзамдын жол-жоболоруна ылайык каралып, кийин күнөөлүү тараптан келтирилген зыяндын орду өндүрүлөт.

Теги:
Количество просмотров: 137