• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте айдоочу жарнак тактасын сүзүп салды

15 Жетинин айы 202212:01 Бишкек Govori.TV

Бишкекте айдоочу унаасын башкара албай калып, жарнак тактасын сүзгөн. Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кырсык кече 16:00дөр чамасында болгонун билдирди.

««Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Горький көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, 7-апрель көчөсүнөн солго бурулуп жатып унааны башкара албай жолдогу жарнама тактасын сүзүп токтогон», — деп айтылат маалыматта.

Кырсыктан жабыркагандар болгон жок. Ал эми автоунаа унаа токтоочу жайга киргизилген. Окуянын себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.

Количество просмотров: 793