Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, бүгүн, 13-ноябрдан тарта №8 троллейбустун ордуна ушул эле номердеги автобус жүрө баштайт.
Ошондой эле айрым автобус каттамдарынын кыймыл-чиймеси өзгөртүлдү. №146, №104 автобус каттамдарынын акыркы аялдамасы Алма-Ата көч., 1/1 дарегиндеги «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине чейин узартылды. Ал эми №40 автобус каттамы Чүй проспектиси менен Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин келип, Жибек-Жолуна түшүп, андан ары буга чейинки кыймыл чиймеси менен каттайт.