• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте айрым чектөөлөр алынды

20 Баш оона 2020 13:02 Бишкек Govori.TV

Бишкекте коомдук транспорттордун графиги өзгөртүлүп, айрым чарба субъекттеринин иш убактысы узартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардагы коомдук унаалар (автобус, троллейбус жана кичи автобус) дем алыш жана майрам күндөрү мурункудай эле эртең мененки саат 07:00дөн 11:00гө чейин жана түштөн кийин саат 14:00дөн кечки 23:00гө чейин иштейт.

Ал эми кафе, ресторандар жана башка тамактануу жайларга эртең мененки саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштегенге, сейил бактарда сейилдөөгө киргизилген чектөөлөр алынып, велосипеддерди киреге берүү ишмердүүлүгүнө уруксат берилди.

«Супермаркет, соода борбор, соода үйлөрү, комплекстери, дүкөндөр тармагы мурункудай эле эртең мененки саат 07:00дөн түнкү 00:00гө чейин иштешет»,-деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда тойкана жана көңүл ачуучу жайлардын (түнкү клуб, бар, караоке-клуб ж.б.) иштөөсүнө уруксат берилген эмес.

Количество просмотров: 375