• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте айып короодо турган 4 унаа күйүп кетти

29 Чын куран 202210:20 Бишкек Govori.TV

Бишкекте милициянын айып короосунда турган 4 жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, короодогу “Ауди-80” жана “Ниссан Примера” үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөн. “Хонда Аккорд” жана “Мицубиси” үлгүсүндөгү автоунаалардын бир бөлүгүн от чалган.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 678