• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Бишкекте активист Марипа Алыйкулова кармалды

12 Бугу 202322:38 Бишкек Govori.TV

Бишкекте активист Марипа Алыйкулова кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Маалыматка таянсак, бүгүн кечке жуук Ленин райондук сотунун имаратынын ичинен ИИМдин тергөө башкармалыгынын 4 оперкызматкерлери аны кармап кетишкен. Алыйкулова бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп айтыпталып жатат.

Ал эми ИИМ бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Эске салсак, Марипа Алыйкулова жарандык активист катары ар кандай митинг, пикеттерде өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келген.

Количество просмотров: 564