• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Бишкекте «акылдуу жол чырактар» орнотулуп жатат

12 Үчтүн айы 2024 11:15 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын ишке киргизүү башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, мэр Айбек Жунушалиев жол чырак объектилерин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, белгиленген мөөнөттө ишти аягына чыгарууну тапшырды.

«Биринчи этапта борбор калаанын 21 кесилишине, андан кийин 100 кесилишке датчиктер орнотулат. Жалпысынан системаны шаар боюнча ишке ашыруу пландаштырылууда – 350гө жакын кесилиштер, аларда унаалардын агымын эсептей турган тиешелүү датчиктер орнотулат. Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системаларын ишке киргизүү тыгындарды азайтып, жол жүрүү убактысын кыскартып, айдоочуларга жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзөт»,-деп жазылат маалыматта.

Долбоор буга чейин үч көчөдө — Токомбаев, Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө башталган.

«Акылдуу жол чырактардын» өзгөчөлүгү — автомобилдердин агымын автоматтык түрдө эсептейт жана жөнгө салат, электр энергиясы өчкөн учурда иштөө мөөнөтү 4-5 саатка чейин жетет, энергиялык натыйжалуулугу жогору (сутканын убактысына жараша жарыктык деңгээлин автоматтык түрдө жөнгө салынат).

Количество просмотров: 87