• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

4 Бештин айы 2020 17:09 Бишкек Govori.TV

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын март айында шектүү жаран Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирин 100 миң 150 долларга сатууга убада берген. Бирок акчаны алгандан кийин батирин бербей, сатып алуучулардан качып кеткен. Жабырлануучу (аял киши) милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылган.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 204-беренесине ылайык (алдамчылык) кылмыш иши козголду.

Октябрь РИИБдин ыкчам-издөө тобу кылмышка шектүү жаран Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү ижарага алынган батирде жашап жатканын аныкташкан. Кылмышка шектелип, 1987-жылы туулган О.Т. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөттөгү шектүүдөн жабыркагандар болсо милиция кызматкерлери менен 0(772) 33-32-01, 0(707) 81-44-44 номурлары же «102» кызматы аркылуу байланышса болот.

Количество просмотров: 104