• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 60 жаштагы киши кармалды

3 Бештин айы 20209:15 Бишкек Govori.TV

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-август күнү шектүү жаран Бишкектик тургунга «АКШ визасын алып берем» деп убада берип, 9 миң доллар алган. Бирок акчаны алган соң качып кеткен.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 204-беренесине ылайык (алдамчылык) кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 60 жаштагы Т.О. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 374