• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Бишкекте алдамчылыкка шектелип УКТ мүчөсү кармалды

30 Баш оона 2022 16:40 Бишкек Govori.TV

Бишкекте алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектин тургуну белгисиз адамдар алдамчылык жолу менен анын мүлкүн тартып алып, 63 миң доллар өлчөмүндө зыян келтиргенин билдирип, укук коргоо органдарына кайрылган.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Комплекстүү ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 27 жаштагы Б.Б. аттуу жаран кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал 2021-жылы жабырлануучуга тиешелүү унааны алдоо жолу менен ээлеп алып, 60 миң доллардан ашык зыян келтирген деп шектелүүдө.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 155