Бbirtrntub Манас проспектисинин үстү менен өткөн асма жол пайда болот. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиевдин иштегенинин 100 күндүгү боюнча отчетто маалымдалат.
Маалыматка караганда, узундугу алты чакырымдык аркан жол Жибек Жолу проспектисинен тарта Түштүк магистралга чейин Манас проспектисинин үстүнөн тартылат.
Буга чейин муниципалитеттин башчысы швейцариялык компания менен долбоорду ишке ашыруу планын макулдашып кол койгон. Иш быйылкы жылдын экинчи кварталында башталат. Асма жолду 2025-жылы пайдаланууга берилери белгиленүүдө.