Бишкекте майыптуулугу бар балдардын ата-энелери балдарын бала бакча, мектептерге бере албай жаткандыгына байланыштуу, Шаардык психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссияга жана жетекчиси Зоя Кононенкого нааразычылыгын билдиришти.
Бул боюнча ата-энелер Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментине арыз менен кайрылышты.
Ата-энелердин айтымында, аталган комиссия майыптыгы бар балдардын атайын бала бакчаларга, мектептерге кирүүсүнө тоскоолдук кылып келген.
Комиссия жетекчиси Зоя Кононенконун иши боюнча мерияга караштуу көзөмөлдөө башкармалыгы кызматтык иликтөө жүргүзүп жаткандыгын мэриядан билдиришти.