• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Бишкекте атасы белге тепкен баланын апасы «уулум куса болуп жатат» деп арызын кайтарып алды

14 Бештин айы 2017 14:17 Бишкек Govori.TV

Бишкекте атасы белге тепкен баланын апасы «уулум куса болуп жатат» деп арызын кайтарып алды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын билдиришти.

Анда,  13-декабрь күнү эне-бала келип  психологдун текшерүүсүнөн өтүшкөнүн жана  апасы учурда уулу атасын сагынып, куса болуп жатканын айтып,  ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча жазган арызын кайтарып алды деп жазылат.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 2-декабрь күнү интернетке Бишкекте эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу  жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталып. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту баланы тепкилеген атаны убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка  алынган.

Количество просмотров: 10