• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Бишкекте автобус менен жеңил автоунаа кагышты (видео)

1 Жетинин айы 202416:37 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Айни — Руставели көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсык видеого түшүп калган. Анда көрүнүп тургандай, автобус Айни көчөсү менен кетип баратканда жеңил автоунаа капталынан чыга калган.

Жыйынтыгында автобустун айдоочусу рулду башкара албай калып, токтоп турган машинаны сүзгөн.

Мэриянын маалыматына караганда, автобус Айни көчөсү менен чыгышты көздөй бара жатканда Шота Руставели көчөсүнөн Ниссан (Минивен) үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол белгисине баш ийбей, түштүктү көздөй чыга калып, автобустун алдыңкы оң капталын сүзгөн.

Автобус жол жээгиндеги токтоп турган жеңил унааны сүзүп токтогон. Жүргүнчүлөр арасында жабыркагандар бар экени айтылды.

Количество просмотров: 327