• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Бишкекте автобус менен жеңил унаа сүзүштү

13 Бирдин айы 2024 11:49 Бишкек Govori.TV

Бишкекте автобус менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 11-февраль күнү №107 автобус менен «KIA К7» үлгүсүндөгү жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгы Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«KIA К7» унаасынын айдоочусу автобус менен бир багытта бара жатып, каршы тилкеге чыгып, автобустун сол бурчун сүрүп токтогон. Учурда иш Бишкек шаары боюнча ИИМдин патрулдук кызмат бөлүмүндө каралууда.

Белгилей кетсек, жол эрежелерин сактабаган транспорттун бардык түрлөрүнүн айдоочуларына карата КР мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөт.

Шаардык муниципалитет эскертет:

— ылдам айдабаңыз, ылдамдык режимин бузбаңыз;

— унааны кылдат этияттык менен айдаңыз, айдап баратканда алаксыбаңыз;

— унаа айдап бара жатканда телефон аркылуу сүйлөшпөңүз, башка нерсеге алаксыбаңыз;

— эч качан каршы тилкеге, жол кыймылынын эрежелери тыюу салган тилкелерге чыкпаңыз.

Количество просмотров: 229