• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Бишкекте автобустар кышка даярдала баштады

12 Жетинин айы 2020 17:08 Бишкек Govori.TV

Борбор калаада муниципалдык автобустар кышка даярдала баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 12-ноябрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, коомдук транспорттордун дөңгөлөктөрү, кыймылдаткыч майы алмаштырылып жатат.

«Кыймылдаткычты иштетүү тутумдарын, жылытууну, салондун желдетилишин, эшиктин иштешин текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия транспорттун мезгилдик даярдыгы биринчи кар түшкөнгө чейин бүтө турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 97