Бишкекте унаалар менен жарыша айдаган № 17 троллейбустун айдоочусу жол эрежеси боюнча экзамен тапшырып, айып пул төлөгүчөктү жумуштан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, окуя кечээ, 6-августта, болжол менен кечки саат 18:00дө болгон. Анда троллейбустун айдоочусу
жеңил автоунаалардан буйтап ашып өтүп, катуу ылдамдык менен айдаган.
«№ 17 троллейбустун айдоочусу С. Кожоев менен жол эрежесин сактоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. Айдоочу жол эрежеси боюнча экзамен тапшырып, айып пул төлөгүчөктү жумуштан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Бишкекте троллейбустардын биринин айдоочусу туура эмес айдагандыктан жол кырсыгына кабылып кала жаздаган видеосу «Короче» Telegram-каналына жарыяланган.
Видеодон Юнусалиев көчөсү менен кетип бараткан коомдук транспорттун айдоочусу Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосуна келгенде жеңил автоунаалардан буйтап ашып өткөнүн көрүүгө болот.