• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте автожуучу жай өрттөндү

9 Бирдин айы 202017:16 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Абдрахманов жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги автожуучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу өрт өчүрүүчүлөргө саат 14:52лер чамасында маалымат келип түшкөн. Учурда өрттү өчүрүү үчүн беш бригада иштеп жатат.

Өрттүн келип чыгышы боюнча маалыматтар тактала элек.

Количество просмотров: 146